Россия Кыргызстанга 40 өрт өчүрүүчү унаа тапшырды

Россия Кыргызстанга 40 өрт өчүрүүчү унаа тапшырды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн ордо калаанын эски аянтында атайын техниканы салтанаттуу кабыл алуу иш-чарасы өтөт.

 

Өрт өчүрүүчү машинелер эки өлкөнүн президенттеринин буга чейинки макулдашуусунун негизинде грант катары берилди.