Индия Кыргызстандагы социалдык долбоорлор үчүн 126 млн сомдон ашык бөлөт

Индия Кыргызстанга анча чоң эмес, социалдык-экономикалык жактан натыйжалуу долбоорлорду каржылоо үчүн гранттык негизде 126 миллион сомдон ашуун бөлөт.

Тиешелүү келишимди ратификациялоо маселеси бүгүн Жогорку Кеңеште каралды.

Бул демилгенин алкагында билим берүү, медициналык кадрларды даярдоо, айыл чарба жана агро өнөр жай, ошондой эле кайра жаралуучу энергетика, соода, транспорт жана коммуникациялар тармагында инфраструктураны түзүү долбоорлорун каржылоо каралууда.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.