Бишкектеги Панфилов паркында аттракциондорго жумасына бир жолу арзандатуу болот.
Мэриядан такташкандай, жайкы каникулдун башталышы менен сейил багында шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна, өзгөчө социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн атайын акция уюштурулууда.
Ага ылайык, ар шаршемби саат 11ден кечки 6га чейин бардык аттракциондорго 50 пайыз арзандатуу болот.
Мындай акция жайдын аягына чейин уланат.