Баткен облусунун 800дөн ашуун тургуну жаңы документтерге ээ болушту

Баткен облусунун 800дөн ашуун тургуну жаңы документтерге ээ болушту.

Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Мекемеден белгилешкендей, кеп тажик аскерлеринин кол салуусунун натыйжасында документтери жараксыз болгон же жоголуп кеткен жарандар тууралуу болуп жатат.

Паспортторду калыбына келтирүү иштери атайын мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.