Индия тургуну вакцинадан качып бактын үстүндө жашынып алган

Индия тургуну вакцинадан качып бактын үстүндө жашынып алган. Эркек бир нече жолу эмдөөдөн качып жүргөн. Акыры дарыгерлер анын үйүнө келгенде, ал өзгөчө ыкма колдонуп, бакка чыгып алган.

 

Кийин белгилүү болгондой, эркек вакцинадан кийин бир нече күн спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салына тургандыктан качып жүргөн. Медицина кызматкерлери аны бактан түшүрүп, ийне сайдыбы, жокпу такталбайт.