Кыргызстандын курамасы ФИФА рейтингинде 96-орун менен жылды жыйынтыктап жатат.
Эл аралык футбол федерациясынын маалыматына ылайык, биздин ак шумкарлар соңку жыл ичинде 2 позицияга көтөрүлдү.
Борбордук Азия мамлекеттери арасында Өзбекстандын позициясы эң мыкты – 84-орун. Ал эми жалпы рейтингдин лидери – Бельгия курамасы, экинчиде Бразилия жана үчилтикти Франция бекитет.