Кыргызстандын улуттук электр станциялары компаниясынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипке өттү

Кыргызстандын улуттук электр станциялары компаниясынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипке өттү. Ишканадан билдиришкендей, бул жаңы жыл түнүндө жарандарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн жасалууда.

 

Эс алуу күндөрү адистерден жана бөлүм башчыларынан турган топтор күнү-түнү нөөмөттө турат.

 

Авариялык учурларга жабдуулар камдалды. Андан тышкары, энерго объектилерди кайтаруу боюнча чаралар күчөтүлдү.