Дүйнөдө COVID-19 жуккандар миллион адамга жетти

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуккандар 1 миллион кишиге жетти. Бул эпидемиядан каза болгондор 52 миң адамдан ашты. 210 миңден ашык адам айыкты.

Акыркы маалымат боюнча Италияда 115 миңден ашык киши коронавирус менен ооруп жатат, 14 миң киши каза болду.

 

Ал эми Испанияда 110 миң адамдан коронавирус аныкталып, 10 миң адам кайтыш болду.

 

АКШда 235 миңден ашык кишиден COVID-19 табылды. Бул оорудан 5700 бейтап каза болду.

Кытайда COVID-19 оорусу 81 миң кишиден табылып, 3 миңден ашык адам каза болгон. Бээжин акыркы жумаларда вирус жуккандар азайып жатканын кабарлады. Өлкөдө карантиндик чаралар акырындан алына баштады. Ал эми Орусияда коронавирус 3500дөн ашык кишиден табылды, расмий маалымат боюнча өлгөндөрдүн саны 30 адам деп эсептелди.