Караколдо пара алып жаткан жеринен Жети-Өгүз районунун прокурорунун жардамчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, 38 жаштагы эркек кылмыш ишин оң жагынан чечип берүү үчүн жарандан 2 миң доллар пара талап кылган.
Кармалган прокурордун жардамчысы убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Сотко чейинки тергөө жүрүүдө.