Бишкекте 384 окуучуга ылайык мектеп имараты курулууда

Бишкекте 384 окуучуга ылайык мектеп имараты курулууда.

Ал №12-мектептин кошумча корпусу, — дешти мэриядан.

Маалыматка караганда, жаңы билим берүү мекемесине спорт зал да камтылды.

Долбоордун жалпы суммасы 72 миллион сомду түзөт. Каражат коррупция менен

күрөшүү үчүн ачылган депозиттик эсептен бөлүндү. Күтүлгөндөй, жаңы имараттын

каалгасы окуучулар үчүн келерки окуу жылында ачылып калат.