Индияда туристтер үчүн Азия боюнча эң чоң жоогазын бакчасы ачылды

Индияда туристтер үчүн Азия боюнча эң чоң жоогазын бакчасы ачылды.

Sunday Guardian Live билдиргендей, гүлзар Кашмир аймагында жайгашат.

Бакча өзгөчө популярдуу болуп, ага 5 күндүн ичинде эле 50 миң көрүүчү кирди.

Жакынкы аралыкта анда жоогазындын 64 түрүнүн 1,5 миллиондон ашык гүлү ачылат.

Белгилеп кетсек, Индияда жоогазын фестивалы марттын аягы апрелдин башына туура келет.

Ага байланыштуу өлкөнүн бакчалары гүлгө оролот.