Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында Кыргызстандын эсебине коло байге түштү

Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында Кыргызстандын эсебине коло байге түштү.

60 килограмм салмакта күч сынашкан Кубанычбек Айбек уулу өзбекстандык Кемран Нуриллаевди

иппон ыкмасы менен утуп алды. Эске салсак, кыргызстандык спортчу жарым чейрек финалда

түркмөн балбанын утса, чейрек финалда казакстандык спортчуну жеңген. Бирок жарым финалда

Кытайдын атлетине жеңилген болчу. Дзюдо боюнча чемпионат кечээ Бишкекте старт алды.

Мындай ири мелдеш өлкө тарыхында алгачкы ирет өтүп жатат.

Турнирдин жыйынтыгы менен спортчулар Олимпиада оюндарына рейтинг топтошот.