Ирандын борбору Тегеранды каптаган коюу түтүндөн улам ондогон мектептер жабылып, ачык абада спорттук иш-чараларды өткөрүү токтотулду

Ирандын борбору Тегеранды каптаган коюу түтүндөн улам ондогон

мектептер жабылып, ачык абада спорттук иш-чараларды өткөрүү токтотулду.

Шаар бийлигинин абанын булганышы тууралуу чукул жыйынынан кийин,

мектептер      жабылды. Бийлик ошондой эле калаадагы жол кыймылына

чектөөлөрдү киргизип, оор жүк ташуучу машинелерге жүрүүгө тыюу салды.

Кошумчаласак, Тегерандагы абанын булганышынын негизги себеби,

оор жүк ташуучу унаалардан, мотоциклдерден жана мунай

иштетүүчү заводдордон чыккан түтүн болуп эсептелет.