Жефф Безос климатты сактоого 10 миллиард доллар бөлөт

Жефф Безос климатты сактоого 10 миллиард доллар бөлөт.

Бул тууралуу ал «Инстаграмдагы» баракчасында билдирди.

Грант окумуштууларга, активисттерге, өкмөттүк эмес уюмдарга берилет.

Безостун айтымында, ал табиятты коргоого багытталган аракеттердин

баарын колдоого даяр. Кошумчаласак, Жефф Безос — дүйнөдөгү эң бай

адамдардын бири. Анын мүлкү 116 миллиард долларга бааланат.

Буга чейин ал үй-бүлөлөрдү колдоого жана билим берүү тармагына

2 миллиард доллар бөлгөн.