Жумгал районуна 33 миң долларга айыл-чарба техникалары алынды.
Бул тууралуу аймактык башкармалыктан билдиришти. Маалыматка караганда,
Байзак айылына тапшырылган жабдуулар “Айыл-чарба өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу”
долбоору боюнча дүйнөлүк банктын каржылоосу аркылуу сатып алынды.
Ошондой эле жергиликтүү депутаттардын салымы 3 миң долларды түздү.