“Исфана” аэропортунда реконструкциялоо иштери аяктады.
Заманбап курулуш материалдарын колдонуу менен 75 миң чарчы метр асфальт бетон төшөлдү.
Учуп-конуу тилкенин жалпы узундугу 1 миң 735 метрге, туурасы 35 метрге кеңейтилди.
Бардык оңдоо иштери графикке ылайык жүргүзүлдү. Ал сертификациялоодон кийин
кайрадан учактарды кабыл алууга даяр болот. Ички каттамдар үчүн
ылайыкталган оңдоп-түзөө иштери былтыр башталган.