Калкты жана турак-жай каттоо учурунда жарандар үчүн инспектор тилкелери дагы иштейт

Калкты жана турак-жай каттоо учурунда жарандар үчүн инспектор тилкелери дагы иштейт. Бизге Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, иш күндөрү жумушта болуп, же кандайдыр бир башка себептер менен каттоодон өтпөй калгандар участокторго өздөрү барып, жеке маалыматын тапшырып кетсе болот.

 

Мындай инспектор тилкелери ар бир облустун  райондорунда ачылат. Эске салсак, Кыргызстанда калкты жана турак-жай фондун каттоо 23-мартта башталат.