Швейцария Кыргызстандын мобилдик бригадаларына гуманитардык жардам жөнөттү

Швейцария Кыргызстандын мобилдик бригадаларына гуманитардык жардам жөнөттү.

Элчиликтин маалыматына ылайык, Кыргызстандык дарыгерлер үчүн 15 миллион сомго

коргонуу каражаттары сатылып алынды. Ал 24 миң костюм, беткап, көз айнек жана

мээлейден турат. Алар Чүй, Нарын жана Ош облустарындагы медициналык мобилдик

бригадаларга өткөрүлүп берилет. Буга чейин Швейцария Кыргызстанда  медицина

кызматкерлерин окутууга жана ар бир облуста байланыш кызматтарын ачууга жардам көрсөткөн.