Бишкектеги түнкү стационарлардын иштөө убактысы өзгөрдү.
Мурда алар кечки саат 9дан баштап иштей баштаса, эми 8ден тарта
бейтаптарды кабыл алат. 7-кичи райондогу ДСК спорт комплексинин
имаратында жана Фрунзе Орозбеков көчөлөр кесилишинде жайгашкан
ресторандагы түнкү стационарларда жалпысынан 220 орун даярдалды.
Жеринде дарыгер, медайым, санитар, ординатор жана ыктыярчылар нөөмөттө турушат.