Исфананын кайра калыбына келтирилген аэропорту алгачкы каттамды кабыл алды. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, Бишкектен 81 жүргүнчү учуп келсе, кайра ордо калаага 105 адам учуп кетти.
Бишкек-Исфана-Бишкек каттамы жумасына бир ирет дүйшөмбү күндөрү аткарылат. Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөттү түзөт. Эске салсак, Исфана аба майданынын учуп-конуу тилкеси жаңыртылып, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттар түзүлүп, жаңы колдонууга берилди.