Президенттик шайлоодо 1 пайыздан ашык добуш чогулта алган талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылат

Президенттик шайлоодо 1 пайыздан ашык добуш чогулта алган талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылат. БШКдан билдиришкендей, акыркы тизме расмий жыйынтык чыгарылгандан кийин жарыяланат. Калган талапкерлердин күрөө акысы мамлекеттик бюджетке багытталат.

 

Эске салсак, шайлоо күрөөсү 1 миллион сомду түзөт. Ал эми БШК 10-январда өткөн добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын ушул жумада жарыялоо ниетинде.