Аламүдүн суусу эмне себептен жашыл түскө боелгону айтылды

Аламүдүн суусу эмне себептен жашыл түскө боелгону айтылды.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик

инспекциясынын маалыматына караганда, жеринде профилдик

мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия иштеп,

суунун, топурактын үлгүсү алынып, лабораторияга жөнөтүлгөн.

Жыйынтыгында белгисиз адамдар жолдун жээгине курулуш

таштандысын калтырып кетишкен. Андан дарыяга азык-түлүк боёгу

төгүлүп калган. Катталган факты боюнча милиция иш козгоду.

Эске салсак, аталган көрүнүш тууралуу видео 29-февралда

соцтармактарга тарады.