Россияга кирип бараткан мигранттар үчүн өзгөчө эреже каралууда

Россия бардык мигранттардан манжа издерин алууну пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМинин миграция боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова МИА «Россия сегодня» уюштурган онлайн-конференцияда билдирди.

 

Анын айтымында, мындай жол-жобо РФтин аймагында 30 күндөн ашык жүргөн чет элдик жарандар үчүн киргизилет. Жаңы тартип визасыз кире турган өлкөлөрдөн келген мигранттарга, жогорку квалификациялуу жумушчуларга таасир этет.

 

«Көптөгөн чет өлкөлүк жарандар РФтин аймагынан чыгарылгандан кийин мекенине барып, аты-жөнүн, жеке маалыматтарды алмаштырып алып кайра келе беришет. Манжалардагы өзгөчөлүктөрдү эч ким алмаштыра албайт. Ошондуктан Россия Федерациясынын аймагына 30 күндөн ашык мөөнөткө келген бардык чет элдик жарандар дактилоскопия өтүшү керек», — деген Казакова.

Чет элдиктерге ошондой эле сүрөткө түшүү жана медициналык маалымдама милдеттендирилери айтылууда.