Кайыңдыда жаңы үй-бүлөлүк медицина борбору курулууда

Кайыңдыда жаңы үй-бүлөлүк медицина борбору курулууда. Шаар мэриясынан билдиришкендей, имаратта 36 кабинет орун алат. Долбоордун сметалык баасы дээрлик 18 миллион сомду түзөт. Каражат жергиликтүү бджеттен бөлүндү.

 

Курулуш ушул күздө аяктайт деп пландалууда. Кошумчалап кетсек, учурда медицина кызматкерлери жарым кылым мурда салынган, эскилиги жеткен имаратта иштеп жатат.