Иштен кыскартылган кызматкердин үч айлык маянасы төлөнөт

Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев мамлекет башчынын «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» жарлыгы боюнча түшүндүрмө берди. Касымалиевдин билдирүүсү президенттин сайтына жарыяланды.

 

Анда ал кыскартуулардан үнөмдөлгөн каражат мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүүгө жумшаларын билдирди.

 

«Эгерде мамлекеттик кызматкерлер 30% же 10-11 миңге чейин кыскартыла турган болсо, мамлекет 2 млрд. сомдон ашык акча каражатын үнөмдөйт. Бирок бул үнөмдөө келерки жылда гана ишке ашырылат. Анткени, эмгек кодексине ылайык, кыскартылган кызматкерлерге үч айлык эмгек акысын төлөп беришибиз керек», — деди Касымалиев.

 

Касымалиевдин маалыматына таянсак, 1995-жылы 26 152 мамлекеттик кызматкер болсо, 2010-жылы 30 743кө, 2020-жылы 34 860ка чейин көбөйгөн.

Учурда Экономика жана финансы министрлиги президенттин жарлыгын ишке ашыруу үчүн ведомстволор аралык комиссия түзөт. Ал комиссия ар бир министрликти анализдеп чыгып, кыскартуу боюнча сунуш берет.