Мамлекеттик аппараттын кызматкерлерин кыскартуудан 2 миллиард сом үнөмдөлөт

Мамлекеттик аппараттын кызматкерлерин кыскартуудан 2 миллиард сом үнөмдөлөт. Бул тууралуу президент аппаратынын башчысынын орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.

 

Анын айтымында, үнөмдөө кийинки жылга туура келет. Ал эми быйыл кыскартууга дуушар болгондорго мамлекет 3 айлыгын төлөп бериши керек. Эске салсак, президенттин жарлыгы менен 11 миң чиновник иштен алынат.

 

Үнөмдөлгөн каражат мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасын жогорулатууга багытталат.

 

Ал эми жумушсуз калгандарды ишкердикке үйрөтүү пландалууда.