Бишкектин борборунда электр энергиясы себепсиз үзгүлтүккө учурады

Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрүндө эскертүүсүз электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу шаардыктар социалдык тармактагы баракчаларына жазып чыгышты.

 

Маалыматка ылайык, электр жарыгы саат 10:00дө өчүрүлүп кайра саат 10:40та калыбына келтирилди. Бирок кээ бир райондордо жарык дагы деле бериле элек.

Бул боюнча «Электр станциялар» ачык акционердик коомуна байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Бишкек Жылуулук электр борборундагы Т-2 трансформатору өчүп калган. Кырдаал көзөмөлгө алынды, ушул тапта кызматкерлер шаймандарды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.