Түрк компаниясы Бишкекте монорельс курууну пландап жатат

Түрк компаниясы Бишкекте монорельс курууну пландап жатат. Бул тууралуу Инвестициялар министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, фирманын өкүлдөрү биздин ордо калаага келип, аталган транспорттук системаны куруу үчүн тилкелерди карап чыкты.

 

Эске салсак, өткөн жылдын аягында Бишкектин бийлиги монорельстин долбоорун тартуулаган.

 

Бирок шаар тургундары бул ишке ашпай турган идея дешүүдө.