Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга Япония элчилиги
үн жана жарык бере турган аппараттарды тапшырды.
Салтанаттуу иш-чарага Япониянын Кыргызстандагы элчиси жана
маданият министри Азамат Жаманкулов катышты.
Яапон элчилиги билдиргендей, жабдуулар гранттык негизде берилүүдө.
Анын жалпы суммасы 89 миң долларды түзөт.