Италияда селден жабыркаган кыргызстандыктар жок

Италияда селден жабыркаган кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Италиядагы элчилиги аталган аймакта жашаган кыргыз жарандары менен дайыма байланышта болууда.

 

Эске салсак, кечээ Италиянын түндүк тарабындагы Эмилия-Романья аймагында нөшөрлөгөн жамгырдан улам суу ташкындаган. Анын кесепети бир нече кишинин өмүрүн алып, 5 миң киши эвакуацияланган.