Ош мэриясы Сулайман-Тоого асма жолчо салынбай турганын билдирди

Ошто Сулайман-Тоого барчу асма жолчо жана түрк дүйнөсүнүн уникалдуу эстеликтеринин миниатюралар паркы курулбайт. Мындай мааалымат чындыкка дал келбей турганын жергиликтүү мэриядан билдиришти.

 

Белгиленгендей, бул долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эч бир тарап менен келишим түзүлгөн эмес. Буга чейин Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор союзу менен бирге Сулайман-Тоодо курулуш жүрө турганы боюнча маалымат тараган.

 

Белгилеп кетсек, бул тарыхый жай 2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.