Үй карантин эрежелерин бузгандар Ысык-Көл облусуна киргизилбейт. Өкмөттүн аталган аймактагы өкүлү Акылбек Осмоналиевдин айтымында, карантинге алынгандар 14 күндүк обсервациядан кийин гана Ысык-Көлгө кире алышат.
Буга чейин карантинди бузган эки киши посттон өткөрүлгөн эмес.
Алардын бири Вьетнамдан келип, 14 күн бою Бишкекте үйдөн чыкпай жатышы керек болчу. Учурда “Ак-Кеме” санитардык-карантиндик постунда медицина кызматкерлери келгендердин дене табын өлчөп жатат,- деди Осмоналиев.