ИИМ Россиянын аймагында жасалма документ колдонгондорго кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет

Ички иштер министрлиги Россиянын аймагында жасалма документ колдонгондорго кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Акыркы убакта Россияда эмгектенип жүргөн мекендештердин арасында жасалма ID-карта жана

айдоочулук күбөлүктөрдү колдонгондугу үчүн кармалгандар көбөйүүдө.

«Жоготуп алган, мөөнөтү бүткөн же башка себептер менен документтери жок жүргөн мигранттар

аны мыйзамдуу жол менен алгандан жалкоолонуп, жасалма бүтүрүп жатышат. Бул үчүн Россиянын Кылмыш-жаза

кодексинин негизинде жоопко тартылат. Ошондуктан документ жоготкондо полицияга арыз менен кайрылып,

андан кийин өлкөнүн консулдук бөлүмдөрүнө барып мыйзамдуу жол менен алуу зарыл.

ИИМ жасалма документтерди сунуштагандар болсо Россиядагы өкүлчүлүккө кабарлап коюуну өтүндү.