Ысык-Көлдөгү балдар лагерлери 25-июндан тарта иштеп башташы күтүлөт

Ысык-Көлдөгү балдар лагерлери 25-июндан тарта иштеп башташы күтүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

 

Анын айтымында, объектилердин ишин толук кандуу жандантуу суроосу өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот. Уруксатты медицина кызматкерлери жана эпидемиологдор берет. Эске салсак, 1-июндан тарта кыргызстандыктар туристтик жерлерге эч тоскоолдуксуз бара алышат.