Эгемендүүлүк күнүнө карата Маданият министрлиги чоң программа даярдады. Майрамдык иш-чаралар Аламүдүн районундагы жайлоодо өтөт. Ал жерде боз үйлөрдөн этно айыл тургузулуп, ар кандай сынактар жана мелдештер уюштурулуп, өлкөнүн булуң-бурчунан 1 миңден ашык адам чогулат.
Элдик сейилдөөлөр ошондой эле Бишкектин ар бир районунда өтөт.
Иш-чара Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт жана салют менен жыйынтыкталат.