Мектептерде жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат

Мектептерде жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу расмий түрдө Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов жарыялады.

 

Азыркы учурда өлкөдө жана дүйнөдө санитардык абал турукташып калды. Андан тышкары, ата-энелердин суроолору боюнча министрликтин тарабынан токтомдун долбоору даярдалган. 15-сентябрдан, 1-сентябрга окуу жылын баштоо белгиленген. Мурдагыдай эле, салттуу түрдө биз окуу жылын 1-сентябрда баштап, 25-майда салтанаттуу аяктайбыз

 

Эске салсак, былтыр жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталып, акыркы коңгуроо 9-июнда кагылган. Бул жаңычылдык коомчулук тарабынан кабыл алынган жок.