Эки округда кайра шайлоо үчүн бюллетендердин формасы жана тексти 10-февралда бекитилет.
БШКдан билдиришкендей, документтер 22-февралга карата даярдалышы керек.
Бул мөөнөткө чейин жарышка катышуудан баш тарткан талапкерлерге 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет.
Эске салсак, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда кайрадан парламенттик шайлоо өтөт.
28-ноябрда бул округдар боюнча добуш берүүдө “Баарына каршы” графасы жеңип чыккан.