Чүй облусунда 9 миңден ашык адам көчмө комплексте акысыз медициналык кызмат алышты

Чүй облусунда 9 миңден ашык адам көчмө комплексте акысыз медициналык кызмат алышты.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ноябрь айынан бери адистер Кемин жана облустун башка райондорунун тургундарын кабыл алууда.

 

Мобилдик клиниканын курамында дарыгерлер үчүн кабинеттер, анализ лабораториясы, ренгтген аппараты, операциялык блок жана башкаруу борбору бар.