Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов иш сапары менен Москвага келди.
Парламенттин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, ал Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.
Анда Кыргызстан жана Россия ортосундагы соода-экономикалык, гуманитардык кызматташуу талкууланат.