Мамлекеттик жана жеке ишканаларга жыйындарды онлайн форматта өткөрүү сунушталды

Мамлекеттик санэпидем көзөмөл борбору мамлекеттик жана жеке ишканаларга жыйындар менен жолугушууларды онлайн форматта өткөрүүнү сунуштады.

 

Ведомствонун башкы дарыгеринин орун басары Айгүл Рыскулбекованын айтымында, мунун себеби эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыгына байланыштуу.

 

Шаар бийлиги ошондой эле жарандарды бардык санитардык нормаларды сактап, массалык иш-чараларга баруудан баш тартууга, аралыкты сактоого, беткап кийүүгө, колду тез-тез жууп турууга чакырат.