Эки округдагы кайра шайлоонун жыйынтыгы 12-мартка чейин жарыяланат

Эки округдагы кайра шайлоонун жыйынтыгы 12-мартка чейин жарыяланат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Комиссиядан такташкандай, бүгүнкү күнгө карата  52 талапкер катталды.

 

Жалпысынан шайлоого катышуу үчүн 72 адам арыз берген. Эске салсак, талапкерлерди каттоо 7-февралга чейин жыйынтыкталат, андан кийин үгүт жүргүзүү кампаниясы старт алат. Ал эми шайлоонун өзү Свердлов жана Биринчи май округдарында 27-февралда өтөт.