Курсан Асанов үй камагына чыкты

Бишкек шаардык соту Октябрь окуяларына байланыштуу айып коюлуп камакта жаткан ички иштер министринин мурдагы орун басары, экс-депутат Курсан Асановдун бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Мындан бир күн мурда ушул фактыга байланыштуу камакта отурган саясатчы Жеңиш Молдокматов дагы үй камагына чыккан.

Курсан Асанов октябрь окуялары боюнча биринчи жолу 2020-жылы 10-октябрда кармалып, 4-ноябрда үй камагына бошотулган.

2021-жылы 11-январда өткөн президенттик шайлоого талапкер болуп чыккан.

2021-жылы 26-январда «Октябрь окуялары учурунда Ички иштер министрлигинин имаратын басып алган» деген кайра камалган. 12-апрелде үй камагына бошотулган.

Асанов былтыр 14-сентябрда кайра камалган.

2020-жылы октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу нааразылык тоз-тополоң менен коштолуп, бийлик алмашуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандар абактан бошотулган.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкектеги митингге катышкан. Анын арты жаңжал менен аяктап, жети киши жабыркаган. Милиция кылмыш ишин козгогон. Окуялар боюнча жалпысынан жети адамга айып коюлган. Анын ичинен Алмазбек Атамбаев, кеңешчиси Фарид Ниязов, мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Курсан Асанов кармалып, камакка алынган.

Атамбаевдин уулдары Сеидбек жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген. Кийинчерээк шаардык сот Султанбеков менен Сагымбаевди үй камагына чыгарган.

Бул иштин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун иши өзүнчө каралып жатат.

Камалгандар дооматтарды четке кагып, саясий куугунтук катары сыпаттап келет.