Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы казынага 280 миллион сом кайтарды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мамлекеттик казынаны 280 миллион сомго толуктады. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, аталган сумма мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча иштердин алкагында өндүрүлгөн.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “А.К.” ЖЧКсына карата мамлекеттин бюджетине тиешелүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактысы боюнча ушул жылдын октябрь айында 281 миллион сомдон көп өндүрүлгөн.

Азыркы убакта Финансы полициясы өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоо, экономикалык, коррупциялык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чараларды улантып жатат», — деп жазылат маалыматта.