Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши коронавируска каршы вакцина алуу жөнүндө фатва чыгарды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлап, коронавирустун жайылышынын алдын ала турган жалгыз ыкма — эмдөөдөн өтүү экенин билдирди.
«Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицинага таандык. Вакцинанын зыяны жок болсо, ислам дини эмдөөгө каршы эмес», — деп жазылган Аалымдар кеңешинин чечиминде.
Кыргызстанда 18 жаштан ашкан жарандарга Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik-V вакциналары акысыз сайылууда. Бейтапканалардан тышкары соода борборлорунда, парктарда жана билим берүү мекемелеринин имараттарында эмдөө пункттары ачылган.
Өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын расмий саны 14-июлда 143 миңден ашты. Бейтаптардын 2000ден көбү көз жумду. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 144 миңден көбүрөөк адам эмделгенин маалымдады.