Аламүдүн районунун айыл аймагынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Аламүдүн районунун айыл аймагынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, чиновник жеке ишкерден 400 миң сом талап кылган.

 

Каражат кум карьерин колдонуу ижарасын узартууга багытталмак. Талап кылынган сумманы алып жаткан жеринен айыл аймагынын башчысы колго түшүрүлдү. Учурда ал СИЗО-1де.