Сот өкүлчүлүктөрү борборунун директору кармалды

Сот өкүлчүлүктөрү борборунун директору кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, ал кызмат ордун кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат.

 

Белгилүү болгондой, Борбордун кызматкерлери Каржы министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте коррупциялык схема түзүп, анын жыйынтыгы менен бюджетке 12 миллион доллар түшпөй калган. Учурда каржы полициясы кылмышка шектүү башка адамдарды издеп жатат.