Эл аралык аба каттамдары качан жанданат белгисиз

Эл аралык аба каттамдары качан жанданат белгисиз. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, аба акаттамдардын ишин калыбына келтирүү тууралуу айрым мамлекеттерден сунуштар түштү.

 

Кыргызстандын тиешелүү органдары маселени карап чыккандан кийин гана чечим кабыл алынат, — деди өкмөт башчы.

 

Эске салсак, пандемиядан улам Кыргызстанда ички жана эл аралык аба каттамдар 20-марттан тарта токтотулган. 5-июнда ички аба каттамдарга уруксат берилди.