Чүй облусунда медициналык беткаптардын 3 түрүн тиге турган ишкана ачылат

Чүй облусунда медициналык беткаптардын 3 түрүн тиге турган ишкана ачылат. Президент аппаратынан билдиришкендей, 5 кабаттуу KN 95 респираторлору, клапан менен беткаптар жана 3 кабаттуу беткаптарды тигүү үчүн жабдуулар сатылып алынды.

 

Чүй районунда жайгашкан фабрика суткасына 100 миңге чейин беткап чыгара алат. Учурга карата линиялар чыгарууга даяр.

 

Бирок мамлекеттик органдардан уруксат берүүчү сертификаттарды алуу жана сырьену бажыдан өткөрүү суроолору калды. Өкмөткө аларды тез арада чечүү тапшырмасы берилди.