Эл аралык аба каттамдары 15-июндан тарта жанданат. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди. Анын айтымында, тийиштүү ведомстволор сырткы каттамдар боюнча алгоритмди 1 жума ичинде иштеп чыгат.
Акышев кошумчалагандай, бардык авиа компанияларга бир ай бою жумасына бир жолу учуп туруу сунушталып жатат.