Кыргызстан-Россия аба каттамы 21-сентябрдан тарта жанданат

Кыргызстан-Россия аба каттамы 21-сентябрдан тарта жанданат. Бул тууралуу коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү штабдан РИА Новостиге билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-сентябрдан тарта Кыргызстан, Казакстан жана Беларуска учактар каттап баштайт.

 

Алгач каттамдар жумасына бир ирет аткарылмай болду. Эске салсак, мартта пандемияга байланыштуу ички жана эл аралык аба каттамдар токтотулган. Жарым жылдан кийин гана санитардык талаптарды сактоо менен аба жолдор ачылып жатат.